Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулуш иштери менен таанышты
- Подробности
- Опубликовано 30.12.2015 17:53
Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов «Калыс-Ордо» конушундагы 750 окуучулук орунга ылайыкташтырылып салынып жаткан мектептин курулуш иштери менен таанышты.
Жалпы билим берүү мектептин курулуш иштери TBEA Кытай компаниясынын грантынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Бөдрөтчү «Альто Групп» ЖЧК уюму.
Бүгүнкү күндө беш блоктун пайдубалдары куюлуп, плиталарды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев жана Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Омурканов катышты.
Маалымат: «Калыс-Ордо» конушу 2002-жылы Өкмөттүн токтому менен түзүлгөн. Жалпы аянты 135га түзөт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
24.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |