ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаага Великий Устюг жергесинен Бишкекке Аяз атанын элчиси келди

Бишкек шаарына Великий Устюг жергесинен (Роосия) Бишкекке Аяз атанын элчиси келди.

Сергей Рычков Череповец шаарынын журналисти жана  бул сапар ал Бишкекке Россиянын Аяз Атасынын расмий элчиси катары келди. Ал бир нече жылдардан бери ар кайсы аймактардагы балдарга белек таратып келет.


Сергей Рычаков өзүнүн сапарында социалдык борборлорго, балдар үйүнө, көп балалуу үйбүлөлөргөбарып, кайрымдуулук иш-чараларын өткөрөт. Журналист мындай миссия менен Россиянын булуң-бурчтарында, бир топ жакынкы чет өлкөлөрдү болгон. Кыргызстанда ал биринчи жолу. Бишкекте эки күн болуп, андан кийин Ош жана Ысык-Көл облустарына барууну пландап жатат.


Ал эми борбор калаанын балдарына белек катары балаты ала келди, жаш карагайды "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери борбордук көчөлөрдүн бирине отургузат.

 

Ошондой эле Череповец шаарынын мэри Юрий Кузиндин  атынан Аяз ата жыгачтан жасалган статуэтка тапшырды.