Октябрь районунун балдары үчүн жаӊы жылдык иш-чара уюштурулду
- Подробности
- Опубликовано 29.12.2015 17:15
Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов райондун балдарын Келе жаткан жаӊы жылы менен куттуктады.
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Октябрь райондук администрациясы уюштурган жаӊы жылдык иш-чара өткөрүлдү. Балдарга «Таберик» балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары тарабынан жомок көрсөтүлдү.
Иш-чарага 900 бала чакырылды. Анын ичинде аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, Афган согушунун катышуучуларынын балдары жана ЧАЭС кырсыгын жоюуда катышкандардын балдары чакырылды.
Ар бир чакырылган балага атайын жаӊы жылдык белектер тапшырылды. Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов өзүнүн куттуктоо сөзүндө балдар биздин келечегибиз экендигин белгиледи.
«Биз балдарды тарбиялоо менен Кыргызстандын келечегин түзөбүз. Ошон үчүн балдар ынтымакта, тынчтыкта чоӊоюшу абдан маанилүү»,-деди аким.
Октябрь районунда жалпысынан 2700 балага белек тапшырылды. Анын ичинде интернат жана балдар тартиялануучу мекемелеринин балдары бар.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |