ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кыргызстандын борборунун тарыхында биринчи жолу дельфинарий ачылат

Бишкек шаарынын Абсамат Масалиев проспектиси менен Байтик баатыр проспектисинин кесилишинде 30-декабрда орусиялык дельфинарийдин көрсөтүүсү башталат.

30 жана 31-декабрда Бишкек шаарынын мэриясы калаанын балдар борборлорунун жана тарбиялануучу жайларынын балдары үчүн көрсөтүү уюштурат.


Көрсөтүүдө эки дельфин, кит жана деӊиз мышыктары катышат.


3,5 метрлик  бассейнде 650 куб  деӊиз суусу куюлган. Анда эки дельфин жана кит сүзөт. Деңиз мышыгы башка бассейинде кармалат. Суунун температурасы 22 градус. Суунун курамы деңиз суусуна жакындатылып, атайын туздар салынган. Ал атайын фильтр аркылуу тазаланып турат. Бассейнде суу жаныбарлары үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Азыркы учурда 2 дельфин 6 жашта, кит 7 жана деңиз мышыгы 2,5 жашта. Дельфиндер орточо эсеп менен 30-40 жашка чейин, деңиз мышыктары – 20 жылга чейин жашашат. Учурда киттин салмагы 900 кг, дельфиндер 200 кг салмакта. Чоӊ киттер болжол менен 2 тоннага чейин болот.

Оюн учурунда алардын баары бирге катышат. Деӊиз мышыгы көпүрөдө ар кандай трюктарды көрсөтөт. Жумасына 9 көрсөтүү өткөрүү пландалууда. Дельфиндерди күнүнө 3 маал тамактандырат.

Дельфиндер эркелетүүнү жактырат. Алар ар кандай оюндарды көрсөтүүнү жакшы көрүшөт.

Дельфиндер менен сүзүү мүмкүнчүлүгү жаӊы жылдык эс алуудан кийин болот. Машыктыруучулар суу жаныбарлары менен сүзүү эрежесин толугу менен өткөрөт.