ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жаӊы жылды бирге тосууга чакырат

31-декабрда Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары жана шаар коноктору үчүн эртеӊ мененки жана кечки блоктон турган жаӊы жылдык иш-чараларды уюштурду.

Эртен мененки блок Ала-Тоо аянтында саат 10:00до башталат. Анда  жомок каармандары, куурчактар менен авточиркешке старт берилет. Алар шаардын борбордук көчөлөрү менен жүрүп, тургундарды куттуктап, элди оюн-тамашаларга кошулууга чакырышат. Кербен төмөнкү багыт менен жүрөт: "Ала-Тоо" аянты-Чүй проспектиси, Манас проспектиси-Ахунбаев-Байтик баатыр-Чүй проспектиси -"Ала-Тоо" аянты.


Авточиркеш шаардын көчөлөрү менен жүргөндө, "Ала-Тоо" аянтында Аяз ата жана Аяз кыздан шаардыктар үчүн  интерактивдүү оюндар, байге жана белектер коюлган оюндар  өткөрүлөт. Ошондой эле көрүүчүлөр №4-балдар музыкалык искусство мектебинин, "Улыбка" бий ансамблинин жана башка чыгармачыл топтордун концерттик номерлерине күбө болушат.


Белгиленген маршруттун аягында жүрүштүн катышуучуларын аянттын чыгыш жагынан, "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдында мэриянын үйлөмө аспаптардан түзүлгөн оркестри тосуп алат.


Эртеӊ мененки блок майрамдык концерттик программа менен жыйынтыктылат.

Кечки блок "Ала-Тоо" аянтында 21:00дө чыгармачыл топтордун концерттик программасы менен башталат.


22:00дө эстафета "Кыргызстан обондору" радиостанциясына берилип, концерт менен коштолот.


Жаңы жылдык иш-чара 00:00дө майрамдык салют менен аяктайт.


Мындан тышкары райондордун аймагында  элдик жүрүштөр уюштурулат.