ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда мэрдин жаӊы жылдык балатысы өткөрүлдү

26-декабрда Т.Сатылганов атындагы Филармонияда Бишкек шаарынын мэринин жаӊы жылдык балатысы өткөрүлүп,  майрамга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынан жана мыкты окуган окуучулардан 1200 бала чакырылган. Майрамдык иш-чаранын соңунда балдарга белектер тартууланды.

Майрамдык иш-чарада Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов куттуктоо сөзүн айтты.


"Өтүп бара жаткан 2015-жыл абдан кызыктуу жана эсте калаарлык болду. Биз шаарыбыз дагы коопсуз, ыңгайлуу жана кооз болушу үчүн иштедик. Биз бак-дарак отургуздук, жолу курдук жана жаңы мектептерди ачтык. Биздин кичинекей шаар тургундары ушул шаарда бактылуу жашоосу үчүн баарын жасадык. Биз сиздерге, балдар, окуудагы албан ийгиликтерди каалайбыз. Сиздер алдыга койгон бардык максатттарыңар ишке ашуусуна тилектешпиз. Эң башкысы, жакшы аракет кылса ишке ашпай турган эч нерсе болбойт", - деди Бишкек мэри Кубанчбек Кулматов.


Майрамдык иш-чараны өткөрүүгө борбор калаанын муниципалитети 2 млн. 600 миң сом бөлгөн.