Жаӊы жылда коомдук транспорт кадимки режимде иштейт
- Подробности
- Опубликовано 25.12.2015 10:39
Жаӊы жылдык майрамдарда муниципалдык коомдук транспорт кадимки режимде иштейт.
2015-жылдын 31-декабрынан 2016-жылдын 1-январына караган түнү саат 00:00дөн баштап Ала-Тоо аянтынан муниципалдык автобус жана троллейбус менен шаар тургундарын жеткирүү уюштурулат.
Автобусттук маршуттар төмөнкү багытта каттайт: Ала-Тоо аянтынан -«Аламедин - 1» к.р., Ала – Тоо аянтынан – «Тынчтык» конушуна, Ала – Тоо аянтынан «Ала - Тоо» конушуна, Ала – Тоо аянтынан – Дачаларга, Ала – Тоо аянтынан - «Асанбай», Ала – Тоо аянтынан – 110 квартал, Ала – Тоо аянтынан – 12 мкр жана Ала – Тоо аянтынан – «Тунгуч» к.р.
Троллейбустук каттамдар: Ала – Тоо аянтынан – «Жал» к.р., Ала – Тоо аянтынан – Киркомстрой, Ала – Тоо аянтынан – Кожзавод, Ала – Тоо аянтынан - «Асанбай», Ала – Тоо аянтынан – Чыгыш автовокзал, Ала – Тоо аянтынан – «Тунгуч» к.р., Ала – Тоо аянтынан – «Аламедин - 1» к.р.
Ошондой эле схемасында Ала-Тоо аянтына каттаган кичи автобусттук маршуттар дагы уюштурулат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |