ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаменти үч эмдин энесин куттуктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаментинин директорунун орун басары Тилек Жантайбеков, медициналык -санитардык жардам бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Абылай Сарыгулов жана шаардык перинаталдык борборунун жооптуу кызматкерлери үч эмдин апасын куттуктады.

Тилек Жантайбеков шаардык Саламаттыкты сактоо департаментинин кызматкерлеринин жамаатынын атынан Татьянага белек тапшырып, балдардын төрөлүшү ар бир үйбүлө үчүн эӊ маанилүү экендигин белгиледи. №3ҮМБ медицина кызматкерлери Татьяна Гатыжскаяга керектүү медициналык жардамдары көрсөтүп келишет.

Эскерте кетсек, 21-декбрда 30 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Татьяна Гатыжская   үч эм төрөгөн. Эненин жана баланын абалы канааттандырарлык.