ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Филармониянын маӊдайына жана Манас айкелине жаӊы светодиоддук жарыктарды жандырды

Бишкек шаарынын мэриясы 22-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын маӊдайына жана Манас айкелине жаӊы светодиоддук жарыктар менен жарыктандырды.

Жарыктандыруу уста Томонори Обучи тарабынан орнотулду. Ал Японияда соода-оюн-зоок жана тарыхый имараттарды жарыктандыруу боюнча иш алып барат.

Филармониянын бетине 4 негизги түстөгү  100 дөй светодиоддук прожектор орнотулду. Бул 256 түстү чагылдырат.

Аталган имараттын жетекчилиги менен биргеликте жарыктандырууну музыканын коштоосунда жандыруу да программалаштырылган.

Томонори Обучинин айтуусу боюнча, жарыктандыруу жана музыка адамдардын маанайына таасир берет.

Финансылык колдоону шаардык-меценат Жаныш Кудайбергенов көрсөттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Алмаз Кененбаев жана вице-мэр Айгүл Рыскулова катышты.