ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов «Тилек дарагы – балдардын кыялын орундатат!» жаӊы жылдык акциясына катышты

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана вице-мэр Айгүл Рыскулова 22-декабрда «Тилек дарагы – балдардын кыялын орундатат!» жаӊы жылдык акциясына катышты.

Акция 14-декабрдан 31-декабрга чейин «Бишкек парк» соода борборунда Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда «Бишкек мен сени сүйөм» жаштар кыймылы жана «Jetigen» балдар лагери өткөрүүдө.

Соода борборунда балдардын сүрөттөрү жана алардын кыялы жазылган жаӊы жылдык оюнчуктар менен балаты орнотулган. Муниципалитет башчысы, вице-мэр жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Гуля Алмамбетова сегиз баланын кыялын орундатып, ачык катка жазган белектерин алып беришти.

Жаӊы жылдын алдында ар бирибиз №71 орто мектеп-гимназиясынын 160 тарбиялануучусун кубандырып, куттуктай алат. Соода борборунда балаты орнотулуп, жаӊы жылдык тилектер менен балдардын сүрөтү чагылдыган оюнчуктар илинет.


Аталган акциянын соӊунда «Бишкек мен сени сүйөм» кыймылы 2016-жылдын 13-январында мектеп-интернатында таттуу жана даректүү белектерди таратуу менен майрамдык концерт уюштурат.