ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Гагарин» казаны оӊдоодон кийин ачылды

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 22-декабрда «гагарин» буу казанын оӊдоодон кийин ачты.

 «Гагарин»  казаны жыл бою  №5 БПК  каныккан буу үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгуу жана №141 бала бакчага ысык суу берүү үчүн, ошондой эле №55 орто мектебин, №20, 94, 91 кесиптик лицейлерин жылытуу үчүн  иштеп келет. Буу казаны 1964-жылы орнотулган жана 3 казан агрегаты       ДКВР – 4/13 и ДКВР – 2,5/13 ишке киргизилген, 1975-жылы казан кеӊейтилип,          ДКВР – 6,5/13 2 казан агрегаты орнотулган. Казандар боюнча   КПД орточо салмагы 52%ды түзөт.


Көп жылдардан бери казан агрегаттары иштеп, капиталдык оӊдоодон өткөрүлүп келген. Башкача айтканда, казандардын айланасы жаӊыланып, сырткы  бети көөдөн, ичи кебээрден тазаланып келген. Жыл сайын ведомстволук текшерүү жана  гидроваликалык сыноолор жүргүзүлөт. Бирок, акыркы учурда казандардын жылуулук техникалык көрсөткүчү начарлангандыгы байкалды.


Жылуулук менен камсыз кылуу жана Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу максатында «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы тарабынан  «Гагарин» көмүр казанына жалпы кубаттуулугу 10 МВт жабдуу комплектиси менен эки заманбап газ-мазуттук казандарда орнотуу»  үчүн Кыргыз Респбликасынын Өкмөтүнө караштуу  Айлана-чөйрөнү коргоо жана Токой чарба мамлекеттик агенттиги жаратылышты коргоо жана токойду өнүктүрүү тармагынын Республикалык фондуна билдирме берген.


Билдирменин негизинде Айлана-чөйрөнү коргоо жана Токой чарба мамлекеттик агенттиги долбоорго 12,0 млн. сом суммасындагы каражат бөлүү жөнүндө чечим кабыл алды. Иш-чараны толугу менен бүтүрүү үчүн ишкананын менчик каражатынан кошумча 8,0 млн.сом каралды.


Казандарды модернизациялоо иштерин аткаруу үчүн  Туркиядан өндүрүлгөн жалпы кубаттуулугу 10 МВт,  EUROMAX 5000 үлгүсүндөгү  кошумча 2 газ-мазуттук казан агрегаттарын орнотуу, ошондой эле узундугу 600 метрге созулган орто басымдагы газ түтүгүн куруу каралган.


«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 2015-жылдын 20-мартында казандарды реконструкциялоо үчүн казан агрегаттарын сатып алууга тендер жарыялаган. 8,8 млн. сомго 2 казанды  жеткирип берүүгө келишим түзүлүп, жеткирүүчү аныкталды.


2015-жылдын 8-сентябрында ишкана тарабынан орто басымдагы газ түтүгүн куруу жана ички газ жабдууну монтаждоо боюнча тендер өткөрүлүп, «Газспецмонтаж» ЖЧКсы жеӊип алды. Казанга чейинки оӊдолгон газ түтүктүн жалпы  узундугу 610 м түзөт.


Азыркы учурда «Гагарин» казанын модернизациялоо иштери толугу менен бүткөрүлдү. Кайрадан куруу иштерине болжол менен 20,02 млн.сом каражат коротулду.


Аткарылган иштердин жыйыныты сапаттуу, кардарларды үзгүлтүксүз  жылуулук менен камсыз кылып, жаӊы казан жабдуулары үнөмдүү иштейт.

Салтанаттуу ачылышыка Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Эркинбек Исаков жана Бишкек шаардык кеӊештин депутаттары катышты.