ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунун акими райондун мекемелеринин жетекчилерине ардак грамоталарын тапшырды

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов райондун ири өндүрүштүк мекемелеринин жетекчилерине ардак грамоталарын жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн «Кум-Шагыл» ААК директорлор кеӊешинин төрагасы Владимир Поповго жана «Таш-Темир» ААК төрагасы Артур Пакка ардак грамоталар тапшырылды.

Ошондой эле, район башчысы «Унаа чогултуу заводу» ААК башкаруу төагасы Бирлик Камчыбековго жана «Алтын Ажыдаар» ЖЧКсынын финансылык директору Лилия Тереховага ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Райондук администрациянын башчысы мекемелердин жетекчилерин келе жаткан жаӊы жылы менен куттуктап, ишине берилгендиги, ак эмгеги жана  профессионалдуулугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бардык жакшылыктарды каалады.

Кезегинде мекемелердин жетекчилери район башчысына ыраазычылык билдирип, ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчасы күтүүсүздөн жагымдуу белек болгонун белгилешти.

«Таш-Темир» ААК төрагасы канчалаган акимдер алмашты, бирок Болот Алымкулов өндүрүшкө абдан көӊүл буруп, ар дайым келип турарын белгиледи.

Эскерте кетсек, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов алгачкы ишмердүүлүгүн  Фрунзе прибор куруу заводунда баштаган.