ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кышкы эс алууда калаанын мектептеринин окуучулары үчүн ийримдер жана спорттук секциялар уюштурулат

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, кышкы эс алууда окуучулар үчүн  жалпы билим берүү мекемелеринде жана балдар чыгармачылык борборунда чыгармачылык ийримдер жана спорттук секциялар иштейт.

Ийримдерди камсыздоо үчүн 10 миӊ 700 мугалим, жалпы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери иштешет.


Бекитилген иш-чаралардын планы боюнча жалпысынан чыгармачылык ийримдер жана спорттук секциялар 15 миӊ баланы камтыйт.


Октябрь районунда 800 окуучу Балдар чыгармачылык борборунда жана 2 миӊ окуучу мектептерде ийримдерге катышат.


Биринчи май районунун Балдар чыгармачылык борбору 1 миӊ 300 окуучуну жана мектептери 1 миӊ 800 окуучуну камтыйт.

Свердлов районунун 1 миӊ 550 окуучусу Балдар чыгармачылык борборуна жана 3 миӊ 300 окуучусу мектептерге ийримдерге барышат.

Ленин районунун  1 200 окуучусу  Жаш техниктер станциясы уюштурган ийримдерге катышат жана 1 миӊ 500 окуучу Балдар чыгармачылык борборуна, 3 миӊ 300 окуучу мектептерде ийримдерге катышат.

Шаардык чыгармачылык борборуна калаанын мектептеринин 2 миӊ 400 окуучусу ийримдерге барат.

Шаар боюнча ийримдерге жалпысынан 19 миӊ 870 окуучу тартылды.