ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Сейтек» борборунда 600 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балага жаӊы жылдык көрсөтүү тартууланды

«Сейтек» улуттук балдар чыгармачылык борборунда 22-декабрда 600 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балага жаӊы жылдык көрсөтүү тартууланды.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов өзүнүн куттуктоо сөзүндө Жаӊы жыл –бул жаркын үмүттөрдүн жана жагымдуу белектердин убактысы экендигин белгиледи.

«Биз баарыбыз бир бирибиздин колдообузга муктажбыз. Биздин, коомдун жана мамлекеттин милдети сиздерге жакшы шарт түзүп берүү, ошондой эле билим берүү, ишке орноштуруу жана бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Биз сиздердин жашооӊуздар коопсуз жана ыӊгайлуу болуусу үчүн шарт түзүп берүү аракет кылып жатабыз»,-деди калаа башчысы.

Иш-чаранын соӊунда таттуулар менен белектер тапшырылды.

Аталган иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду.