ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ түнү бою жолдорду кардан жана муздан арылтышты

Бишкекте 20-декабрдан 21-декабрга караган түнү «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолдорду кардан жана муздан арылтуу иштерин жүргүзүштү.

Тазалоо иштери үчүн 16 кар тазалоочу унаа (МАЗ КО-806), 2 кум чачуучу (ЗИЛ КДМ), 4 трактор (Беларусь) жана 4 грейфердик жүктөгүч иштөөдө.

Тротуарларды жана жолдорду кардан тазалоо иштерине жол -эксплуатация башкармалыгынын 20 жумушчусу жана  507 короо шыпыргыч (Ленин району – 136, Октябрь району – 83, Биринчи май району – 152, Свердлов району – 116, Чоӊ-Арык - 20)  тартылды.


Азыркы учурда тазалоо иштери улантылууда.