ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте үч эм: эки кыз жана бир бала төрөлдү

Бүгүн, 21-декабрда 9:40 мүнөт өткөндө Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 30-жаштагы Татьяна Гатыжская үч эм төрөдү.

Эмдер кесарево операциясы аркылуу алынды. Операцияны дарылоо иштери боюнча башкы дарыгердин орун басары Жамиля Марипова жасады.

Биринчи кыздын салмагы – 1960 гр., бою 46 см, экинчи кыздын салмагы – 1925 гр., бою 44 см жана үчүнчү баланын салмагы – 2280гр., 48 см.
Эмдердин энеси №3 шаардык Үйбүлөлүк медициналык борборунда каттоодо турат. Эненин жана балдардын абалы канааттандырарлык, учурда алар жандандыруу бөлүмүндө.

Бул тууралуу Бишкек шаардык перинаталдык борборунун башкы дарыгери Бурул Алмазбекова билдирди.