ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Город 312» тобунун ырчысы Светлана Назаренко Бишкек шаарынын ардактуу жараны наамын алды

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Алмаз Кененбаев белгилүү «Город 312» тобунун ырчысы Светлана Назаренкого «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын тапшырышты.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов сыйлыкты тапшырып жатып, ырчыга өзгөчө чыгармачылыгы, кесипкөйлүүлүгү үчүн тереӊ ыраазычылык билдирди.

«Ар бирибиз сиздин чыгармачылыгыӊызды колдоп, ар бир жеӊишиӊизге, жаӊы ырыӊызга, жаӊы долбоорлоруӊузга ортоктош болуп, колдоп келебиз», -деди Кубанычбек Кулматов.

«Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамы Светлана Назаренкого БШК №131 токтому менен тапшырылды. Мындай наамды болгон 13 шаардык гана алган. Буга чейин Бишкек шаарынын ардактуу жараны наамынын тизмесинде 130 адам болгон.