ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэрия КЭР гранттык жардам каражатына Бишкек шаарынын жолдорун калыбына келтирүү долбоорун кабыл алуу жана тапшыруу актына кол койду

Бишкек шаарынын мэриясында 18-декабрда Кытай Эл Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөттөр аралык гранттык жардам каражатына Бишкек шаарынын жолдорун калыбына келтирүү долбоорун кабыл алуу жана тапшыруу актына кол койду.

Актка Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана КЭРдин Кыргызстандагы элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Сунь Хэ  кол койду.

9-декабрда Кытай Эл Республикасынын грантык каражатынын эсебине оӊдолгон Жукеев-Пудовкин, Махатма Ганди жана Ауэзов  көчөлөрүнү расмий ачылышы өткөрүлгөн.

Аталган көчөлөргө эки катмар асфальтбетон төшөлүп, тротуарлар жана арыктар орнотулду.

Жукеев –пудовкин көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин узундугу 1,81 км жол оӊдолду. Аталган көчөнүн оӊдоо иштери 2015-жылдын 9-майында башталган. Ауэзов көчөсү Анкара көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейин узундугу 2,7 км, 2015-жылдын 18-майында башталган. Махатма Ганди көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Маевка айылына чейин узундугу 2,8 км 2015-жылдын май айында башталган.

Жалпы узундугу 7,31 км жол 44,66 млн.юанга оӊдолду.