ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубагнычбек Кулматов БУУ өкүлдөрү менен калааны жашылдандыруу маселесин талкуулады

Бишкек шаарынын мэриясында 18-декабрда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу Өкүлү Александр Аванесов менен жолугушуу өткөрүлдү.

Эки тарап салмадашып, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Александр Аванесов өзүнүн сөзүндө БУУ Бишкек шаарын жашылдандыруу маселеси боюнча муниципалитет менен кызматташууга жана жогорку деӊгээлде жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча биргеликте программа иштеп чыгууну сунуштады.