ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 5 and html
EndTag: '
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов өлкөнүн башкы балатысынын отун жандырды

Ала-Тоо аянтында 19-декабрда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов өлкөнүн башкы балатысын жандырды.

Балатынын отун жандыруу аземине Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Алмаз Кененбаев катышты.

Калаа башчысы куттуктоо сөзүндө  шаардыктарды жана шаардын конокторун келе жаткан жаӊы 2016 жылы менен куттуктады.


«Урматтуу шаар тургундары! Сиздерди келе жаткан жаӊы жылыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!  Келе жаткан жаӊы жыл баарыбызга жакшылыкты, ийгиликти, тынчтыкты, бакытты  жана ынтымакты алып келсин! Алдыдагы бардык ищтерди сиздер менен бирге аткарып, шаарыбызды өнүктүрөбүз деп ишенем. Ар бир үйбүлөгө бакыт, ден соолук, ийгилик жана тынчтык каалайм! Келе жаткан жаӊы жылыӊыздар менен!»,-деди калаа башчысы Кубанычбек Кулматов.


Жаӊы жылдык балаты Кытай Эл Республикасынан алынып келинди.  Балатыга «Технология» компаниясы 64 миӊ светодиоддук чырак орнотту. 1530 ийне жалбырактуу бутактар бекитилип, балатынын бекем болуусу үчүн бутуна жалпы салмагы 22,5 тонна  бетондук плиталар орнотулду.


Өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземине Ретро FM радиостанциясы катышып, «Жашылдандыруу» МИ тарабынан берилген жандуу балатылар менен жаӊы жылдык эстафетанын катышуучуларын сыйлады.