ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы кыздар арасында футбол боюнча биринчиликтин жеӊүүчүлөрүн куттуктады

Калаада кыздар арасында футбол боюнча биринчилик жыйынтыкталды.

Мелдеш 14-декабрдан 17-декабрга чейин Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде өттү.


Финалдык оюндардын соӊунда жеӊүүчүлөрдү куттуктоо аземи өткөрүлдү.


Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Абдужалил Юнусов жеӊүүчүлөрдү куттуктап, ийгиликтерди, жеӊиштерди каалады. Ошондой эле жеӊүүчүлөрдү медаль, кубок жана баалуу белектер менен сыйлады.


Мелдештин жыйынтыгы боюнча 1-орунду - «РСДЮШОР-1» футболдук клубу, 2-орунду - №16 орто мектебинин футбол клубу, 3-орунду - «РСДЮШОР-2» футболдук клубу ээледи.


Ошондой эле үч номинация бекитилди: «Мыкты оюнчу», «Мыкты бомбардир» жана «Жаш футболчулар».

Биринчиликтин мыкты оюнчулары  Альмира Худаярова (РСДЮШОР -2), Жаныл Токтокулова (СДЮШОР СИ), Аяна Кемельбаева (РСДЮШОР- 1) жана  Курманбек кызы Сезим (№16 ОМ) болду.

Алия Канкелова (РСДЮШОР-1) мыкты бомбардир аталды.

«Жаш футболчулар» номинациясынын белектери Аяна Каратаевага (РСДЮШОР -2), Милана Ратианге (СДЮШОР СИ), Аяна Жумабековага (СДЮШОР СИ), Эсфира Салиевага (РСДЮШОР – 1) жана Манас кызы Айзадага (№16 ОМ) тапшырылды.

Мелдеш Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.