ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Жашылдандыруу» ишканасынан балаты белектери

2016-Жаӊы жылды майрамдоонун алкагында «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы төмөнкү даректерде жандуу балатыларды отургузат:

Биринчи май районунда Эски аянтта бийиктиги 10-12 метр жандуу балаты, «Сейтек» балдар чыгармачылык борборуна 4-5 метр, Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборуна 3-4 метр балаты орнотулат.

Ленин районунун Социалдык адампташтыруу борборуна бийиктиги 4-5 метр, Чүй проспектиси Жаш Гвардия бульварынын кесилишине 4-5 метрлик жаӊы жылдык балаты коюлат.

Свердлов районунда Чүй проспектиси жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишине бийиктиги 10-12 метрлик балаты орнотулат.

Октябрь районунда «Светлый путь» коомдук кайрымдуулук фондуна 4-5 метрлик балаты,  «SOSБишкек»   балдар айылына 7-8 метрлик 2 балаты жана Орто-Сай базарына 10-12 метрлик 1 балаты, ошондой эле бийиктиги 5-6 метрлик 3 балаты орнотулат.