ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы имараттардын мыкты жаӊы жылдык жасалгасына сынак жарыялады

Бишкек шаарынын мэриясы калаадагы имараттардын жана айланасынын жаңы жылдык жасалгасына сынак жарыялады.

Сынак 2016-жылы Жаӊы жылды майрамдоого имараттарды, аянттарды жана көчөлөрдү жаӊы жылдык жасалгалоо боюнча дем берүү жана кызыктыруу максатында өткөрүлөт.  Конкурска райондук администрация, министрлик, мекемелер, бюджеттик уюмдар жана жеке ишканалар катыша алат.


Аталган сынак төмөнкү номинацияларда өтөт: «Мыкты райондун жаӊы жылдык жасалгалоосу», «Мыкты министрликтин же административдик ведомствонун имаратынын жаӊы жылдык жасалгалоосу», «Мыкты бюджеттик мекеменин, саламаттыкты сактоо, билим беүү, маданият, шаардык кызматтардын жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жаӊы жылдык жасалгалоосу», «Мыкты ири соода борборлорунун жана базарлардын жаӊы жылдык жасалгалоосу» жана «Мыкты короонун жаӊы жылдык жасалгалоосу».


Жеңүүчүлөр өзгөчөлөнгөн аракет, жарыктандаруу, аймактын камтылышы сыяктуу критерийлердин негизинде тандалат.


Сынактын жыйынтыгы 27-декабрга чейин ачыкталат.