ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын дарыканаларынын кызматкерлери белгиленбеген жерге таштанды чогултууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар аныкталды.

Чүй проспектиси №113 дарегинде жайгашкан «Лекарь» дарыканасынан кызматкерлери светодиоддук чырактарды таштанды урналарына таштап, таштандыларды белгиленбеген жерге чогулткандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан дарыкананын директору Жолдошбек Эсенбековдун атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.