ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Бишкекжарык» МИ калаанын жети көчөсүндө жарыктандырууну оӊдоду

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы калаанын 7 көчөсүндө жарыктандырууну оӊдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүздү:

 - 11 ноябрдан 20-ноябрга чейин Киев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;


- 1-ноябрдан 10-ноябрга чейин Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин жана Ахунбаев көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн Бах көчөсүнө чейин;


- 20-ноябрдан 1-декабрга чейин Юнусалиев көчөсү Горький көчөсүнөн Сухэ-Баатор көчөсүнө чейин жана Бөкөнбаев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейин;


- 1-декбардан 7-декабрга чейин Ахунбаев көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин жана Жибек Жолу проспектиси Фучик көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин, ошондой эле Горький көчөсү Тынчтык проспектисинен Курманжан Датка көчөсүнө чейин;


- Анкара көчөсү.


«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы белгиленген график боюнча иш алып барууда жана жылдын аягына чейин Тоголок Молдо көчөсүндөгү жарыктарды оӊдоо иштерин бүтүрүүнү пландоодо.


Эмне үчүн күндүз шам чырактар күйүп турат деген суроо менен шаар тургундары бир нече жолу кайрылышкан. Оӊдоо иштеринин жүрүшүн контролдоо жана жарыктандыруу боюнча нормативдик талаптар менен камсыздандыруу күндүзгү убакта жүргүзүлөт.


Муниципалдык келишимден пункттарынын биринде шам чырактарды оӊдоо, күйүп кеткен чырактарды алмаштыруу, жарыктандыруу арматураларын оӊдоо жана текшерүү каралган.


Коопсуздук иштерин камсыз кылуу үчүн «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы оӊдоо-калыбына келтирүү иштерин  көчөлөрдөгү жарыктандырууну жандырган бойдон  күндүзгү убакта жүргүзөт. Тармактардын эскиргендигине байланыштуу мекеме тышкы жарыктандырууну оӊдоо иштерин дайыма жүргүзүп келет.


«Бишкекжарыктандыруу» муниципалдык ишканасынын диспетчердик кызматынын номери – 31-17-23.