ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада кыздар арасында футбол боюнча биринчилик башталды

Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин манежинде 2003-2004-жылы туулган кыздар арасында футбол боюнча Бишкек шаарынын Биринчилиги башталды.

Мелдешке 2003-2004-жылы туулган Бишкек шаарынынын спорттук мектептеринин  жана футбол клубдарынын жаш футболчу кыздары катышат.
Жалпысынан калаанын 8 командасынан 130 футболчу катышат.


Аталган мелдешти өткөрүүдө Бишкек шаарынын футбол ассоциациясы жана Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети  көзөмөлдөп, жетектейт.


Оюн  «А» жана «В» тобунда өтөт. «А» тобунда РСДЮШОР -2, СДЮШОР СИ, «Абдыш-Ата» жана  №66 ОТК МГ, ал эми «В» тобунда РСДЮШОР-1, №12 ОТК МГ,  №23 Гуманитардык гимназиясы жана  РСДЮШОР- №16 орто  мектеби ойнойт.


Биринчи тур 14-декабрда өттү. Ага РСДЮШОР -2 - №66 ОТК МГ, СДЮШОР СИ - Абдыш-Ата, РСДЮШОР-1 -№16 орто мектеби - РСДЮШОР №12  ОТК МГ - №23 Гуманитардык мектеби катышты.


Экинчи тур 15-декабрда өтөт.  Ага №66 ОТК МГ - Абдыш-Ата,  РСДЮШОР – СДЮШОР СИ, РСДЮШОР- №16 орто мектеби - №23 Гуманитардык гимназия жана РСДЮШОР - 1- №12 ОТК МГкатышат.


16-декабрда үчүнчү тур өткөрүлөт жана ага №23 гуманитардык гимназия - РСДЮШОР – 1, РСДЮШОР- №16 орто мектеби - №12 ОТК МГ, Абдыш-Ата - РСДЮШОР -2 жана  №66 ОТК МГ - СДЮШОР СИ катышат.


17-декабрда А1 –В2 жана В1-А2 арасында жарым финал өткөрүлөт.


18-декабрда финал өткөрүлүп, жеӊүүчүлөр аныкталат.

]