ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык муниципалитетте «Бишкек шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү» долбоору талкууланды

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында 14-декабрда калаага кошумча троллейбустарды алып келүү боюнча «Бишкек шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү» долбооруна кредиттик жана гранттык каражаттарды тартуу маселеси талкууланды.

Талкууга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэрлер Замирбек Малабеков жана Геннадий Милицкий, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары жана КР Финансы министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруу керектиги жана  максатка ылайыктуулулугу талкууланды.

Троллейбустарды алуу чечими БШК кийинки сессиясында кабыл алынат.