ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда диний экстремизмге жол бербөө, алдын алуу талкууланды

Биринчи май райондук  администрациясында дин иштери боюнча координациялык кеӊештин жыйыны өткөрүлүп, диний экстремизмди алдын алуу жана улуттар аралык келишүүнү бекемдөө талкууланды.

Жыйында райондун УКМК жана ИИБ тарабынан райондогу диний абал, диний экстремизмди алдын алуу боюнча аткарган иштер тууралуу маалыматтар берилип, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын, Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматтары угузулду.


Район башчысы Аскербек Алиев диний экстремизмдин жана башка радикалдык диний агымдарынын жайылышы коомго өзгөчө коркунуч жаратып жаткандыгын, Сирия жана Иракта болуп жаткан абал өзгөчө көйгөй экендигин белгиледи.


Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга диний-экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүн жоюу жана жол бербөө тапшырмасы берилди.  Ошондой эле түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине, МАБдардын башчыларына, жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлоруна, мечит, медреселердин имамдарына мамлекеттик органдар менен биргеликте  диний экстремизмди алдын алуу жана жайылтууга каршылык көрсөтүү иштерин  күчөтүү тапшырылды.


Мындан тышкары, район башчысы башкы архитектурага, СЭКМБнын кураторуна мечит жана медреселердин имамдары менен биргеликте диний объектилердин архитектуралык-курулушун, санитардык-гигиениялык жана башка каттоолорун көзөмөлдөө тапшырылды.


Жыйын «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын» жана «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын» алкагында өткөрүлдү.


Аталган иш-чарага Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын, КМДК өкүлдөрү, райондун атайын кызматтарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, МАБдардын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн башчылары, жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мечит жана медреселердин имамдары катышты.