Бишкекте спорттук жарга чыгуу боюнча Борбордук Азиянын чемпионаты башталды
- Подробности
- Опубликовано 14.12.2015 09:36
Калаада Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин манежинде спорттук жарга чыгуу боюнча Борбордук Азиянын чемпионаты башталды.
Мелдеш үч түрдө өтүүдө: бардык жаш курактагылардын ылдамдыгына жана кыйынчылыгына, ошондой эле улуулар арасында кыска татаал жолдо мелдешүү.
Мелдешке Өзбекстан, Казакстан, Таджикстан жана Кыргызстандын 120 спортчусу – 83 бала жана 37 кыз катышууда.
Жеӊүүчүлөр төмөнкү жаш курактагы топтор менен аныкталат: 1998-жылы туулгандар жана андан улуу, 1999-2001-жылы туулгандар, 2002-2003-ж.т., 2004-ж.т. жана андан кичүүлөр.
Мелдештин негизги максаты жаштар арасында жарга чыгуу спортун өнүктүрүү жана спорт чеберчилигин жогорулатуу болуп эсептелинет.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |