ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы шаарды жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө

Күз мезгилинде «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы шаардын аймагын жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө.

Ата–Түрк сейил багынын түштүк тарабына 1600 жалбырактуу бактар  отургузулду. Ошондой эле жакында кайрадан  курулган көчөлөргө бактарды отургузуу жана даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.


Садыгалиев көчөсү Ден –Сяопин проспектисинен Л.Толстой көчөсүнө чейин 160 бакка кыркуу жүргүзүлдү, куурап калган 84 бак кыйылды, жалбырактуу бактарды отургузуу үчүн 60  чуӊкур даярдалды. Ауэзов көчөсү Көлбаев көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейин 15 бакка кыюу жүргүзүлүп, 2 бак алынды. Жукеев-Пудовкин көчөсү Токомбаев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин 75 бакка кыюу жүргүзүлдү жана 19 авариялык абалдагы бак кыйылды.


Махатма Ганди көчөсү Жибек Жолу проспектисинен ЧЧКны чейин 39,  Токтогул көчөсү Гоголь көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейин 84жалбырактуу дарак отургузулду. 

 

Аталган көчөлөргө чоӊ өлчөмдөгү дарактарды отургузуу иштери улантылат.


Ошондой эле 1070 чоӊ өлчөмдөгү көчөткө жана 1600 бадалга, 50 миӊ жандуу тосмого тендер жарыяланды.