ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын кафелери санитардык нормаларды бузууда

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Ахунбаев-Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Эверест» кафесинин кызматкерлери белгиленбеген жерге курулуш таштандыларын чогултуп, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ иснпекторлору тарабынан «Эверест» кафесинин ижарачысынын атына Кыргыз Республикасынын «Администраьтивдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.