ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте кытай грантынын эсебинен оӊдолгон көчөлөрдүн расмий ачылышы өткөрүлдү

Калаада Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен оӊдолгон Жукеев-Пудовкин, Махатма Ганди жана  Ауэзов көчөлөрүнүн расмий ачылышы өттү.

Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев аталган долбоорду ишке ашырган кытай тарапка ыраазычылык билдирди.

«Бүгүн биз көптөн күткөн үч көчөнүн расмий ачылышында катышып жатабыз. Бул жагымдуу саамалык менен баарыӊыздарды куттуктайм. Кытай Эл Республикасына колдоо көрсөткөндүгү үчүн тереӊ ыраазычылык билдирем жана куруучуларга шаардын өнүгүшүнө кошкон салымыӊыздар үчүн рахмат айтам», - деди вице-мэр.

Жукеев-Пудовкин, Ауэзов жана Матмы Ганди көчөлөрүндө эки катмар асфальт төшөлүп, тротуарлар жана арыктар орнотулду.

Жукеев –пудовкин көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин узундугу 1,81 км жол оӊдолду. Аталган көчөнүн оӊдоо иштери 2015-жылдын 9-майында башталган. Ауэзов көчөсү Анкара көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейин узундугу 2,7 км, 2015-жылдын 18-майында башталган. Махатма Ганди көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Маевка айылына чейин узундугу 2,8 км 2015-жылдын май айында башталган.

Жалпы узундугу 7,31 км жол 44,66 млн.юанга оӊдолду.

Расмий ачылыштан кийин Бишкек шаарынын мэриясынын имаратында Капиталдык курулуш башкармалыгы жана шоссе жолун куруу боюнча Кытай консалтинг корпорациясы арасында КЭР гранттык каражатынын эсебинен калаанын жолдорун кайрадан куруу жана калыбына келтирүү долбоору  боюнча тастыктамага кол коюу өткөрүлдү.

Расмий салтанатка Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Султан Усенов, шоссе жолун куруу боюнча Кытай консалтинг корпорациясынын жана «China Road» бөдрөтчү-компаниясынын өкүлдөрү катышты.