ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгында автоматташтырылган маалыматтык тутум долбоорунун бет ачары өттү

2015-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү үчүн автоматташтырылган маалыматтык тутум долбоору сунушталды.  Тутумду Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы жеӊиш Исаков көрсөттү.

ММБнын автоматташтырылган маалыматтык тутуму башкаруу жол-жобосун автоматташтыруу жана чечимди кабыл алууга багытталган. Ошондой эле өзүнө борборлоштурулган- айкалышкан, маалыматтык тутумун камтыйт.


Аталган автоматташтырылган маалыматтык тутум муниципалдык менчик башкармалыгында шаар тургундарынын арыз-кайрылууларын кыска мөөнөттө карап чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт жана шаар тургундарына кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатат.