ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май акимиаты балдар кылмыштуулугу жана рекетчилик менен күрөшүүдө

Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу жана балдар кылмыштуулугуна, мектеп рекетчилигине жол бербөөнүн алкагында район башчысы Аскербек Алиев «Калыс-Ордо» конушунун жашоочуларынын жана Шаардык транспорт башкармалыгынын кичи автобустарынын айдоочуларынын кайрылуусун карап чыкты.

Буга байланыштуу район башчысы райондук администрациянын жыйын залында №16 МАБдын башчысы, райондун ИИБ, РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө испекциясынын, №86 мектебинин директорунун, Билим берүү борборунун өкүлдөрүнүн, аксакалдар сотунун, «Калыс-Ордо» конушунун тургундарынын, маршуттук таксилердин бригадирлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйында конуш тургундары үчүн Шаардык транспорт башкармалыгынын сапаттуу кызмат көрсөтүүсү талкууланды.


Жыйынтыгында  калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн МАБдардын башчыларына, Биринчи май районунун ИИБнын башчысыныны орун басарына, кварталдык комитеттерге, аксакалдар сотуна, аймактык инспекторлорго жана билим берүү борбору шаардык транспорт башкармалыгы менен биргеликте «Калыс-Ордо» конушунун тургундары менен жыйын өткөрүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.


Биринчи май районунун жалпы билим берүү мекемелеринде район башчысы, РИИБ башчысы, прокуратура жана УКМК өкүлдөрүнүн катышуусунда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укук бузуулары, мектептеги рекетчилик, окуучулар арасында диний экстремизмге тыюу салуу, тарбиялык иштерин күчөтүү, диний экстремизм жана терроризмге жол бербөө максатында лекциялар өткөрүлүүдө.