ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектик спортчулар Венгрияда пауэрлифтинг боюнча Европанын ачык чемпионатында коло алышты

22-ноябрдан 28-ноябрга чейин Эгереде (Венгрия) пауэрлифтинг боюнча Европа чемпионаты өткөрүлдү. Аталган чемпионат паралимпиада оюндарынын алкагында өткөрүлүп, шаардык спортчулар катышты.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча коло медалды Эл аралык класстагы спорт чебери Эсен Калиев 150 кг. салмакты көтөрүп утуп алды.


Экинчи катышуучу, Эл аралык класстагы спорт чебери, Азиянын жана дүйнөнүн рекордчусу 22 жаштагы Жыргал Орозбаев 107 кг.чейинкилер арасында 190 кг. салмакты түртүп республиканынын жаңы рекордун жаратты.


Аталган спортчулар КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Адна Жабраиловдун шакирттери болуп саналышат жана Бишкек шаарынын  мэриясына караштуу СДЮСШОР спорт мекемесинде машыгышат.       

   
Мелдешке 44 өлкөдөн 230 дан ашык спортчу катышты. Бардыгы 19 комплект медаль ойнотулду. Чемпионат 2016-жылы Рио-де-Жанейродо (Бразилия) өтө турган Паралимпиядалык оюндардын алдында өткөрүлдү.