ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы “Манас” эпосун белгилөө күнүнө карата “Жаш манасчы” шаардык сынагын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу максатында, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында “Жаш манасчы” шаардык сынагы өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекованын айтуусу боюнча 2015-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын бардыгында “Манас” эпосун белгилөө күнүнө карата иш-чаралар уюштурулду.


Сынактын жыйынтыгы боюнча №165 (Нурланов Дастан 1-орун), №1 (Абдыкадыров Илимбек 2-орун), №79 (Бактыбеков Абдыкалык 3-орун жана Кыргызалиев Илим 4-орун) балдар бакчаларынын тарбиялануучулары байгелүү орундарга татыктуу болушту.


Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында №39 МГнын окуучусу Асыкбеков Элбарс биринчи орунга, № 66 МГнын окуучусу Макелов Акжол экинчи орунга, № 59 ОМнын окуучусу Майрамбек уулу Калыбек үчүнчү орунга жана № 58  ОМнын окуучусу Жолдошбек кызы Акылай төртүнчү орунга ээ болду. Жеңүүчүлөргө жана бардык катышуучуларга, сынакка жигердүү катышкандыгы үчүн, сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.


Шаардык иш-чара  Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө”  Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 259 “Кыргыз Республикасында “Манас” эпосунун күнүн белгилөө жөнүндө” токтомун ишке ашыруу негизинде өткөрүлдү.