ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте биринчи жолу мыйзамсыз курулган турак үйдү буздурууга милдеттендирилди

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти тарабынан Достоевский-Кожомкул көчөлөрүнүн кесилишинде тиешелүү уруксат документтерисиз, мыйзамсыз басып алынган жер тилкеси аныкталды.

Үйдүн пайдубалы жогорку вольттуу электр өткөргүч линиясын кайтарылуучу зонасынын аймагына курулган.

Басып алууга тыюу салуу үчүн Мамытов А.К.га Департаменттин «Аныкталган бузууларды четтетүү» №08664 эскертүүсү берилген. Аталган эскертүүлөр аткарылбагандыгына байланыштуу жазык жоопкерчилигине тартуу максатында материалдар чогултулуп, Октябрь районунун РИИБне жиберилди.

Андан кийин Октябрь райондук соту Мамытовду жазык жоопкерчилигине жана КР Жазык кодексинин 172-1. 1-б. боюнча күнөлүү деп өкүм чыгарды.

Белгилей кетсек, буга чейин жаранга  мыйзамсыз курулушка байланыштуу Департаменттин чогулткан материалдарынын негизинде Октябрь райондук соту жер тилкесин баштапкы абалга келтирүү менен  10 миӊ сом айып салган.