ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектисинин бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылгандыгын билдирет

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 2015-жылдын 7-декабрында Чүй проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн ачылды.

Оӊдоого туура келген жолдун узундугу 2,8 км жана сметалык наркы республикалык бюджеттен 225,5 млн.сомду түзөт.


Ауэзов көчөсүнөн Чолпон-Ата көчөсүнө чейин түндүк тарабынан 1 км ге жакын жолго  капиталдык оӊдоо жүргүзүлүп, эки катмар асфальт жана  жээк таштар орнотулду.


Кыш мезгилинин келгендигине байланыштуу Чүй проспектисин кайрадан куруу иштери токтотулду. Калган жол тилкеси 2016-жылы бүтүрүү пландалууда.