ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында XVII спартакиаданын жана прикладдык чыгармачылык конкурсунун жеӊүүчүлөрүнө арналган жыйытыктоочу гала-концерт өткөрүлдү

«Сейтек» балдар чыгармачылык борборунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында XVII спартакиаданын жана прикладдык чыгармачылык конкурсунун жеӊүүчүлөрүнө арналган гала-концерт өткөрүлдү.

Иш-чарага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 600 бала чакырылды.


Гала-концертте спартакиаданын, фестивалдын жана прикладдык конкурсттун жеӊүүчүлөрүнө баалуу белектер, диплом, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.


Жеӊүүчүлөр Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулованын колунан баалуу блекетерди, грамота жана дипломдорду алышты. Вице-мэр бардык жеӊүүчүлөргө ден соолук каалады.


«Урматтуу балдар! Сиздерди жеӊишиӊиздер менен куттуктайм. Бул иш-чара сиздердин араӊыздарда көптөгөн таланттуу балдар бар экендигин көрсөттү. Сиздерге бекем ден соолук каалайм»,-деди Айгүл Рыскулова.


Салтанаттуу куттуктоодон кийин майрамдык концерт тартууланды.


Аталган иш-чарага Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Абдужалил Юнусов, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Замирбек Абылаев, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Алмаз Кененбаев жана Маданият башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.