ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунун мектептеринде экстремизм жана терроризмге каршы аракет көрсөтүүгө арналган жолугушуулар өткөрүлүүдө

Октябрь райондук администрациясы райондун мектептеринин жана гимназияларынын окуучулары менен диний экстремизм жана терроризм темасында жолугушууларды өткөрүүдө.

Мындай жолугушууларды бири №64 гимназиясынын залында өткөрүлүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлери гимназиянын окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


Жолугушууга жогорку класстардын 450 окуучусу катышып, Сириядагы абал жана алардын Кыргызстан тийгизген таасири тууралуу маалыматтар берилди.


Бардык катышуучуларга КР ИИМнин Кыргызстан  динаят менен биргеликте иштеп чыккан маалыматтык буклеттери таратылды.


Аталган жолугушуулар өсүп келе жаткан муундар арасында түшүндүрүү жана алдын алуу максатында Октябрь райондук администрациясы тарабынан түзүлгөн графикке ылайык  өткөрүлдү.


Мындай жолугушуулар жана алдын алуу  иш-чаралары райондун бардык жерлеринде жүргүзүлөт.


Жолугушууга гимназиянын администрациясы, Октябрь районунун Билим берүү башкармалыгынын башчысы Аэлита Агайдарова, Октябрь администрациясынын өкүлү Ильяз уулу Данил, ошондой эле УКМК, Октябрь районунун прокуратурасынын өкүлдөрү, КР ИИМ 10-бөлүмүнүн кызматкерлери жана КМДБ өкүлдөрү катышты.