ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында XVII спартакиаданын жана прикладдык чыгармачылык конкурсунун жеӊүүчүлөрүн куттуктады

«Сейтек» балдар чыгармачылык борборунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында XVII спартакиаданын жана прикладдык чыгармачылык конкурсунун жеӊүүчүлөрүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлүп, диплом, грамота жана баалуу белектер тапшырылды.

Жеӊүүчүлөр Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулованын колунан баалуу блекетерди, грамота жана дипломдорду алышты. Вице-мэр бардык жеӊүүчүлөргө ден соолук каалады.


«Урматтуу достор! Фестивалга жана конкурска 3 миӊдей адам жана спорттук иш-чарага 1 500 адам катышты. Биз жылдан жылга спортко, маданий иш-чараларга катышып жаткандардын көбөйүп жатышын байкап жатабыз. Сиздер Бишкек шаарынын өзгөчө адамдарысыздар. Биз сиздерди жеӊишиӊиздер менен куттуктайбыз жана сиздерге эӊ башкы ден соолукту каалайбыз», -деди Айгүл Рыскулова.


Иш-чарага 18 жаштан жогорку 600 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам катышты. Бишкек шаарынын мэринин атынан 5 миӊ сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлдү.


Салтанаттуу куттуктоодон кийин майрамдык концерт тартууланды.


Аталган иш-чарага Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Абдужалил Юнусов, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Замирбек Абылаев, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Асель Пирматова жана Маданият башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.