ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда Эл аралык майыптар күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдүүдө

Октябрь районунда «Биз биргебиз» айлыгынын алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Иш-чаралардын бири «Космопарк» оюн-зоок борборунда өткөрүлүп, 50 бала ата-энеси менен чакырылды.


Иш-чара шоу программа менен коштолуп, маскарапоздор жана «Шайыр балалык» балдар чыгармачылык борборунун бий жамааты майрамдык маанай тартуулашты.


Концерттик программадан кийин материалдык жардамдар жана атайын белектер берилди. Кинозалда 3D форматындагы мультфильм акысыз көрсөтүлдү.


Мындай иш-чаралар башка соода борборлорунда да өткөрүлөт.


Октябрь районунда жалпысынан 4500 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. Алардын ичинен 500 балдар.


Айлыктын алкагында финансылык жардам, акысыз муниципалдык мончо кызматы, майыптар үчүн арабалар менен камсыз кылуу жана «Ардагер» пансионуна жолдомолорду берүү пландаштырылууда.