СЭИ кезектеги текшерүүсүндө санитардык нормаларды бузгандарды аныктады
- Подробности
- Опубликовано 02.12.2015 13:57
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Көлбаев көчөсү №36 үйүнүн айланасы антисанитардык абалга жетип, арыктар тазаланбагандыгы аныкталды.
Ошондой эле таштанды чогултуучу урнанын жоктугунан санитардык нормалар сакталбай, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулган.
Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан үй комитетинин төрайымы Тургунбаева З.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |