ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май акимиаты ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата иш-чара уюштурду

Биринчи май райондук администрациясы Эл аралык майыптар күнүнүн алкагында Улуттук драм театрында райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 600 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамга иш-чара өткөрдү.

Чакырылгандарга концерттик программа тартууланып, материалдык жардам көрсөтүлдү.


Ошондой эле,  райондук администрация тарабынан карылар интернат-үйүнүн майып тургундарына, республикалык азиздер балдар  мектеп-интернатына, калыбына келтирүү борборуна материалдык жардам көрсөттү.


Аталган иш-чараларды өткөрүүгө жана уюштурууга райондук бюджеттен 580 миӊ сом каражат бөлүндү.


Биринчи май районунун аймагында 15-ноябрдан 15-декабрга чейин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү айлыгы өткөрүлдү. Айлыктын алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга администрация тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлүп, акысыз мончо жана чач тарач кызматтары уюштурулду.


Мындан тышкары, ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктарында демөөрчүлөрдүн колдоосунда майрамдык иш-чаралар жана кайрымдуулук түшкү тамактануулар уюштурулду.