Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк СПИДке карыш күрөшүү күнүнө арналган флешмоб өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 01.12.2015 15:48
«Жеӊиш» аянтында Бүткүл дүйнөлүк СПИДке карыш күрөшүү күнүнө арналган флешмоб өткөрүлдү.
Иш-чараны Свердлов райондук администрациясы Шаардык СПИДди алдын алуу жана күрөшүү борбору жана КМЮАнын юридикалык колледжи менен биргеликте "СПИД Фонд Восток-Запад" (AFEW) каржылык жардамында өттү.
Аталган иш-чарада Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева, Шаардык СПИДди алдын алуу жана күрөшүү борборунун директору Аида Карагулова жана «Восток-Запад» фондунун өкүлү сүйлөдү.
Конкурстар өткөрүлүп, ВИЧ-инфекциясы боюнча суроолор берилди.
Конкурстун жыйынтыгы менен катышуучуларга баалуу белектер жана байгелер тапшырылды.
Иш-чаранын максаты калкты ВИЧ-инфекциясы боюнча маалыматтандыруу болуп саналат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |