ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов акимиаты Эл аралык майыптар күнүнүн алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөттү

Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева Майыптар күнүнө карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын мекемелерге барып, белектерди тапшырды.

Ошондой эле ата-энелердин жана №30 атайын мектептин атынан Айнагүл Чылабаевага ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Мындан тышкары, №30 Атайын (көмөкчү) мектепке жана №21 Республикалык мектеп интернатына муздаткыч, Шаардык кургак учукка каршы ооруканасына 2 сыналгы, Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шаардык калыбына келтирүү борборуна 4  буюм жумшак эмерек, Угуусу начар балдар үчүн жалпы билим берүү адистештирилген мектеп интернатына – 6 комплект парта стулдары менен,  №48 Балдар жалпы билим берүү мекемесмине 40 балдар отургучу тапшырылды.


Свердлов районунун майыптар коомуна 20 миӊ сом өлчөмүндөгү материалдык жардам  көрсөтүлөт. 18 жашка чейинки жана андан жогорку БЦПга 500 сомдон, жалпы суммасы 160 миӊ сом, Свердлов районунун социалдык фондунда катталган 150 майыпка 500 сомдон, 75 миӊ сом жардам көрсөтүлөт.


Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо программасы жыл сайын өткөрүлүп келет.