ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Кытай билим берүү жана маданият борборунун ачылышы өттү

2015-жылдын 1-декабрында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада  Кытай билим берүү жана маданият борборунун ачылышы болду.

Ачылыш аземине Бишкекте аккредитацияланган дипломатиялык өкүлдөр, маданияттын, илимдин жана билим берүүнүн ишмерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция жана шаардык ЖОЖдордун студенттери катышты.

Кытай билим берүү жана маданият борборунун ачылышы КР Улуттук Китепканасы менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кызматташтыгынын натыйжасы болду.

Борбордун негизги максаты кытай маданиятын популярлаштыруу жана Кыргызстандын кызыккан пайдалануучуларынын баарына кытай тилинин үйрөнүүсү.

Келгендердин назарына «Этот удивительный Китай» аттуу көргөзмө кытай жана орус тилдериндеги журналдар коюлду.

Иш-чара калаанын орто билим берүү мекемелеринин окуучуларынын жана студенттеринин концерттик программасы менен жыйынтыкталды.