ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык спорт комитет КР Спартакиадасынын жеӊүүчүлөрүн акчалай куттуктады

27-ноябрда Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинде Кыргыз Республикасынын VII Спартакиадасынын жеӊүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо өткөрүлдү.

Бишкек курамасында 13 спорттун түрү боюнча жалпысынан 188 адам катышты. Команда биринчи жалпы командалык орунду ээледи жана 500 сом суммасында тастыктамага ээ болду.

Шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Абдужалил Юнусов Бишкек шаарынын курама командасынын машыктыруучуларын куттуктады.

«Бишкек шаарынын мэриясынын атынан сиздерге ыраазычылык билдирем. Бардык командалар спартакиадага жакшы даярданышып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү»,-деди Абдужалил Юнусов.

Эскерте кетсек, спартакиада жалал-Абад областында 2015-жылдын 7-октябрынан 14-октябрына чейин спорттун 13 түрү (баскетбол, волейбол, күрөш, грек-рим күрөшү, самбо, жеӊил атлетика,  стол тенниси, оор атлетика жана  шахмат) боюнча өткөрүлдү.