ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ санитардык нормаларды бузгандарды аныктоодо

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө «Мишин» эмерек цехи (Краснодонцев көчөсү) 2015-жылга КТК чыгаруу үчүн келишими болбогондугу аныкталды.

Цехтин жетекчиси Мишин В.И. кеӊсенин маӊдайына чуӊкур казып, таштандыларды ыргытып, ошол жакта өрттөгөн, ошондой эле айланасы антисанитардык абалга жеткен.

Жыйынтыгында жеке ишкер Мишин В.И.нин атына КР «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.