ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Майыптардын эл аралык күнүнө арналган иш-чараларды өткөрөт

Бишкек шаарынын мэриясы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата бир нече иш-чараларды уюштурууда.

Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 2015-жылдын 3-декабрында саат 10:00 до «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр борборунда 18 жаштан жогорку 600 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн гала-концерт өткөрөт. Анда калаа башчысынын атынан 5 миӊ сом өлчөмүндөгү материалдык жардам тапшырылат.


2015-жылдын 4-декабрында саат 10:00 до «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр борборунда 600 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн майрамдык иш-чара өткөрүлөт. Анда спартакиаданын жана өздүк көркөм чыгармачылык фестивалдын жеӊүүчүлөрүнө диплом, грамота жана баалуу белектер тапшырылат. Ошондой эле чакырылган балдарга көмөкчү мектептер, коомдук уюмдар жана борборлор тарабынан таттуулар таратылат.


2015-жылдын 2-декабрында саат 11:00до Шаардык калыбына келтирүү борборунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн концерттик программа, маскарапаздар жана майрамдык түшкү тамак уюштурулган майрамдык иш-чара өткөрүлөт.


Мындан тышкары, иш-чаралар калаанын төрт районунда теӊ өткөрүлөт.


Ленин районунда 2015-жылдын 30-ноябрында №22 көмөкчү мектепте майып балдар үчүн иш-чара өткөрүлүп, Балдар чыгармачылык борбору тарабынан концерттик программа көрсөтүлүп,  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын колунан жасалган прикладдык искусствонун көргөзмөсү уюштурулду.


2015-жылдын 2-декабрында саат 10:00до «Октябрь» кинотеатры менен биргеликте 250 майып балага акысыз мультфильм көрсөтүлөт.


Айлыктын алкагында 1130 адамга 500 сом өлчөмүндөгү бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү.  Ошондой эле Майып балдарды социалдык калыбына келтирүү борборуна, Майып балдардын ата-энелер ассоциациясына, №22 көмөкчү мектебине, «Үмүт-Надежда» жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды калыбына келтирүү борборлоруна, «Бооркерлик борбору» КФ жана №2 балдар кургак учук ооруканасына материалдык жардамдар көрсөтүлдү.  


Свердлов районунда 2015-жылдын 3-декабрында саат 15:00до «Фрунзе-ТЭЦ» гипермаркетинин имаратынын алдында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн кайрымдуулук акциясы өткөрүлүп,  400 баштык азыктар тапшырылат. Аталган акциянын демөөрчүлөрү «Фрунзе-ТЭЦ» соода маркасы.


 Свердлов районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы төмөнкү түрдөгү жардамдарды көрсөттү: №30 Атайын (көмөкчү) мектепке жана №21 Республикалык мектеп интернатына муздаткыч, Шаардык кургак учукка каршы ооруканасына 2 сыналгы, Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шаардык калыбына келтирүү борборуна 4  буюм жумшак эмерек, Угуусу начар балдар үчүн жалпы билим берүү адистештирилген мектеп интернатына – 6 комплект парта стулдары менен,  №48 Балдар жалпы билим берүү мекемесмине 40 балдар отургучу, «124 балдар жалпы билим берүү мекемесине сыналгы жана Свердлов районунун майыптар коомуна 20 миӊ сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлдү.


Октябрь району 2015-жылдын 2-декабрында саат 10:00до «Космопарк»   жана  «Таш Рабат» оюн-зоок борборлорунда майып балдар үчүн кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлөт.


2015-жылдын 1-декабрында саат 14:00до Улуттук драм театрында Биринчи май акимиаты концерттик программанын коштоосунда салтанаттуу иш-чара өткөрүп, материалдык жардамдарды көрсөтөт.

Ошондой эле карылар үчүн үй интернатына, Республикалык азиздер жана дүлөйлөр мектеп-интернатына жана «Оберег» калыбына келтирүү борборуна материалдык жардам көрсөтөт.

Белгилей кетсек, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берүү бир айлыгынын алкагында акысыз мончо, чач тарач, кайрымдуулук түшкү тамактануулар кызматтары көрсөтүлүп, төшөктө жаткан майыптар текшертилди, ошондой эле аз камсыздалгандарга 2015-2016-жылдарга жылытуу мезгилине жеӊилдетилген катуу отун таратылды, «Ардагер»  геронтологиялык борборуна ден соолукту чыӊдоо үчүн жолдомолор менен камсыздалды.